Биз социалдык тармакта

Аэропортто курамында никотин бар продукциянын партиясы аныкталды (видео)

Ош эл аралык аэропортунда курамында никотин бар тыюу салынган продукциянын партиясы аныкталды. Бул тууралуу 6-октябрда Салык кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, жүктөрдү кароо учурунда алдын ала баасы 1 миллион 200 миң сомдон ашкан, курамында никотин бар чайноочу аралашма түрүндөгү 2 миң 497 даана продукция табылган.
Бул факты боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.
Эскерте кетсек, өлкө аймагында чегилбей турган тамеки заттарын жана курамында никотин бар чегилбей турган заттарды өндүрүүгө, өлкөгө алып кирүүгө жана жүгүртүүгө, ошондой эле алып чыгууга тыюу салынган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан