Бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Болотбек Борбиев Токтогул районунун Үч-Терек, Иманалиев, Сүйөркулов жана Кетмен-Дөбө айыл аймактарындагы социалдык объектилердин жана жолдордун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, эл өкүлү курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүп, белгиленген мөөнөттө аяктоо зарылдыгын белгиледи.
Мындан тышкары, мугалимдердин кесиптик майрамына карата Токтогул районунун билим берүү тармагында эмгектенген кызматкерлерге Жогорку Кеңештин атынан Ыраазычылык каттар тапшырылды.
Депутат Болотбек Борбиев мугалимдик кесип ардактуу жана жоопкерчиликтүү экенин белгилеп, сыйлык алган мугалимдерди куттуктады жана аларга мындан аркы ишине ийгиликтерди каалады.