Бүгүн, 6-октябрда Бишкек шаарынын Дордой конушундагы №94 жалпы билим берүү мектебинин 570 орунга ылайыкталган жаңы окуу корпусу ачылды. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
Үч кабаттуу имараттын жалпы аянты 1810 чарчы метрди түзөт. Анда окуу класстары, жыйындар залы, ашкана, спорт залы жана башка зарыл бөлмөлөр каралган.
Жаңы корпуста заманбап инженердик системалар орнотулуп, окуу класстары ысык жана муздак суу менен камсыздалган. Ошондой эле мектепке жаңы эмеректер, эргономикалык парталар жана отургучтар коюлган.
Белгилей кетсек, имараттын курулушу 2026-жылдын февраль айында башталып, Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан жүргүзүлгөн.
Жаңы корпус эки нөөмөттө иштеген шартта 1000ден ашык окуучунун билим алуусуна мүмкүнчүлүк түзөт. Бул Дордой конушундагы мектептердеги орун тартыштыгын азайтууга өбөлгө болот.