Латвия Ирактагы НАТО миссиясына үч аскер кызматкерин кайра жөнөтүүнү пландоодо. Бул тууралуу өлкөнүн Коргоо министрлиги билдиргендигин чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, Латвиянын өкмөтү Улуттук куралдуу күчтөрдүн аскерлеринин Ирактагы НАТО миссиясына катышуусун 2028-жылдын 1-ноябрына чейин узартууну колдоду.
Эми бул чечимди Латвиянын парламенти — Сейм бекитиши керек.
Латвиянын аскер кызматкерлери Ирактагы НАТО миссиясына 2020-жылдан бери катышып келет. 2026-жылдын март айында Багдаддагы миссиянын штабында кызмат өтөгөн үч латвиялык аскер мекенине кайтарылган.