Катардын эмири Тамим ибн Хамад Аль Тани Дохага иш сапары менен барган Ирандын ички иштер министри Эскандар Моменини кабыл алды.
Эмирдин кеңсеси 6-октябрда билдиргендей, тараптар Жакынкы Чыгыштагы чыңалууну азайтуу аракеттерин талкуулашты.
"Жолугушуунун жүрүшүндө аймактагы кырдаалдын өнүгүшү жана аймактык жана эл аралык коопсуздукту, туруктуулукту чыңдоо максатында чыңалууну басаңдатууга багытталган аракеттер каралды",- деп айтылат билдирүүдө.
Сүйлөшүүлөргө ошондой эле Катардын ички иштер министри шейх Халифа ибн Хамад Аль Тани жана эмирдин кеңсесинин башчысы Абдулла ибн Мухаммед Аль-Хулайфи катышканы белгиленди.
Ирандын ички иштер министри Дохага 5-октябрда катарлык кесиптешинин расмий чакыруусу менен келген.
Буга чейин Катардын Тышкы иштер министрлигинин медиа жана коммуникациялар департаментинин директору Ибрагим Султан Аль-Хашми Доха АКШ менен Ирандын ортосундагы кыйыр байланыштарда ортомчу болууну улантып жатканын билдирген. Анын айтымында, Вашингтон менен Тегерандын ортосунда билдирүүлөрдү алмашуу токтогон эмес, ал эми учурдагы сапарлар сүйлөшүүлөрдө жылышка жетишүүгө багытталган.