Биз социалдык тармакта

Акыркы гол.... Лионель Месси Аргентина курамасы менен коштошту (видео)

Дүйнөгө белгилүү футболчу Лионель Месси Аргентина курамасындагы акыркы оюнун өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда чет элдик маалымат каражаттары билдиришти.

Маалыматка караганда, ал Буэнос-Айрестеги "Монументаль" стадионунда өткөн жолдоштук беттеште Бенинди 3:0 эсебинде уткан командасынын жеңишине салым кошту.

Оюнда Месси эки голдук пас берип, 71-мүнөттө пенальтиден гол киргизди. Беттештин алдында жана улуттук гимн аткарылып жатканда футболчу көз жашын тыя алган эмес. Аны менен кошо башкы машыктыруучу Лионель Скалони да ыйлады.

Мелдештин 10-мүнөтүндө оюн Мессиге арналган өзгөчө коштошуу аземине байланыштуу токтотулуп, стадиондо салют атылды. Аренага чогулган күйөрмандар футболчуга кол чабуулар менен ыраазычылык билдиришти.

Месси Аргентина курамасындагы карьерасын 126 гол жана 70 голдук пас менен жыйынтыктады. Ал курамасы менен 2022-жылы дүйнө чемпиону болгон.

"Мен бул футболка менен 20 жыл жүргөнүмө сыймыктанам. Мен өмүр бою ойноону каалайт элем, бирок бул бөлүмдүн аяктаганын түшүнүп турам. Мен бул жылдарды абдан сагынам",- деди Месси оюндан кийин.

Месси Аргентина курамасы менен коштошту
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан