Бүгүн, 7-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев парламенттин кийинки аптада өтө турган отурумуна айыл чарба министри менен Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын жетекчисин чакырууну сунуштады.
Эл өкүлү кымбатчылык болуп жатканын айтып, буга картошканын наркын мисал катары келтирди.
"Элдин баары базарларда кымбатчылык болуп жатканы айтууда. Монополияга каршы кызмат кандай иш жүргүзүп жатат? Картошканы ортомчулар элден 13 сомдон 23 сомго чейин сатып алышып, кайра базарда 80 сомдон 100 сомго чейин сатып жатышат. Муну Айыл чарба министрлиги менен Монополияга каршы кызмат көзөмөлдөш керек болчу",- деди Түмөнбаев.