Бүгүн, 7-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында парламент төрагасы Марлен Маматалиев педофилдерге жазаны жеңилдетүү боюнча мыйзам бир дагы депутат тарабынан жазылбаганын билдирди.
Спикер эл өкүлү Айсаракан Абдибаева ал маселе боюнча ата-энелер кайрылганын, андыктан ар бир эл өкүлү элдин кайрылуусун жеткирүүгө укуктуу экенин айтты. Маматалиев депутат айым педофилдерди коргоп чыкпаганын, анын сөзү бурмаланып кеткенин белгиледи.
"Биз түрмөдөн кайрылгандар менен да иштешүүгө, аларды укканга милдеттүүбүз. Абдибаеванын ал сөзү комитетте айтылган. Ар бир депутат өз оюн айтууга укуктуу. Бирок андай мыйзам жазылган эмес, Жогорку Кеңештин кароосуна түшкөн эмес, андай мыйзамды кабыл алабыз деген да ниетибиз жок.
Ал педофилдер эмес, башка нерсе тууралуу сүйлөгөн. Бирок педофилдерди коргогон сыяктуу болуп калыптыр",- деди ал.
Айта кетсек, интернет желесинде Айсаракан Абдибаеваны депутаттык мандатынан ажыратууга кол чогултуу жүрүп жатат.