Кения өлкөсүндө Бундибуджио вирусу катталгандыгы тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Каза болгон адам Конгодо жашаган Кениянын жараны болгон. Ал Кениянын борбордук ооруканасынан изоляцияланып, анализдеринин жыйынтыгында Бундибуджио вирусу бар экени аныкталган.
Көрсөтүлгөн жардамга карабастан бейтап 5-октябрга караган түнү каза болгон.
Кения өлкөсүнүн бийлиги оорулуу менен байланышта болгон 28 адамды аныкташты. Алардын ичинде жакындары жана медицина кызматкерлери бар.
Ошондой эле бейтап учуп келген каттамдагы 23 жүргүнчү жана 4 экипаждын мүчөсү изделүүдө.
Кошумчалай кетсек, Кения эбола вирусу катталган төртүнчү өлкө, буга чейин бул оруу Конго, Уганда жана Франция өлкөлөрүндө кездешкен. Кения бийлиги бул вируска даярданып май айында 5000 медицина кызматкерин окуткандыгы белгилүү болду.