Биз социалдык тармакта

Кызыл китепке кирген канаттууну мыйзамсыз кармаган жаран кармалды (видео)

Ысык-Көл облусунун Түп районунда Кызыл китепке киргизилген канаттууну мыйзамсыз кармаган жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 46 жаштагы жарандын уунасынан канаттууларды кармоого арналган атайын каражаттар жана ителги табылды. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренеси менен кылмыш иши козголуп, 250 миң сом айып пул салууну караган протокол түзүлдү. Тергөө уланууда.

Маалымат үчүн: Ителги - Кыргызстандын Кызыл китебине киргизилген сейрек кездешүүчү жана коргоого алынган канаттуулардын түрүнө кирет.

Кызыл китепке кирген канаттууну мыйзамсыз кармаган жаран кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан