Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламентти аша чаап сындагандарга чара көрүлөрүн билдирди.
"Соцтармактарда көп отургандар тарабынан парламентке сындар айтылып жатат. Биз эл өкүлү болгондуктан, албетте, ар бир сынды туура кабыл алабыз. Бирок ар-намыска шек келтирип, аша чаппасаңыздар",- деди спикер бүгүн, 7-октябрдагы парламент жыйынында.