Жогорку Кеңештин депутаты Исманали Жороев кесиптеши Айсаракан Абдибаева педофилдерге жеңилдик берүү боюнча сунуш айтпаганын билдирди.
"154, 157-беренелер боюнча комитеттеги талкууга катышкам. Ал жакта эч кандай педофилдерге жеңилдиктерди берүү маселеси каралган эмес. Абдибаева тарабынан дагы андай сөз айтылган эмес. Негизи ата-энелердин кайрылуусунан улам күнөөсүз камалып кеткен балдар жөнүндө сөз болуп жатат",- деди эл өкүлү бүгүн, 7-октябрдагы парламент жыйынында.
Айта кетсек, интернет желесинде Айсаракан Абдибаеваны депутаттык мандатынан ажыратууга кол чогултуу жүрүп жатат.