Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин кийинки аптада өтө турган отурумуна айыл чарба министри, курулуш министри, каржы министри, транспорт министри жана Бишкек шаарынын мэринин келишин талап кылды.
Спикер бүгүн, 7-октябрдагы парламент жыйынында алардан өздөрүнө тиешелүү тармактар боюнча маалымат угууну камсыз кылуу боюнча тапшырма койду.
Мунун алдында депутат Акылбек Түмөнбаев айыл чарба жана курулуш министрин парламентке чакырууну сунуштаган.