Бүгүн, 7-октябрда АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Иран согушту токтотуу үчүн уранды байытуу мүмкүнчүлүктөрүн олуттуу кыскартууга тийиш деп билдирди. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат агенттиктери жазышты.
"Эгер алар өзөктүк курал жасоодон баш тартууга даяр экенин көрсөткүсү келсе, уранды байытуу боюнча мүмкүнчүлүктөрүнө байланыштуу олуттуу кадамга барышы керек деп ойлойм",- деди Вэнс.
Мындан тышкары, ал Ирандагы бийлик түзүмүнө байланыштуу белгисиздик сүйлөшүүлөрдү татаалдаштырып жатканын белгиледи.