Бишкекте Гагарин жана Адышев көчөлөрүнүн кесилишинде жаандан кийин жолго суу топтолуп, унаалардын өтүүсү кыйындоодо. Бул тууралуу видео бүгүн, 7-октябрда соцтармактарга жарыяланды.
Видеонун автору жолдун түздөлбөгөнүнөн суу топтолуп жатканын айтып, тиешелүү кызматтарды көйгөйгө көңүл бурууга чакырды.