Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков президент Садыр Жапаровдун кыялдарынын бири - жарандарды үй менен камсыз кылуу экенин айтты. Бул тууралуу Орунбеков бүгүн, 7-октябрда соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, Жапаров биринчи Элдик курултайда жарандарды үй менен камсыз кылуу тууралуу айткан. Көп өтпөй Мамлекеттик ипотекалык компаниянын иш багыты өзгөрүп, мамлекет өзү көп кабаттуу үйлөрдү кура баштаган.
"Андан бери миңдеген адамдар турак-жайлуу болушту. Эми көп кабаттуу үйлөр аймактарга жетип, бүгүн Нарын шаарында 216 батир жана Кочкор районунда 217 батирдин ачкычы ээлерине тапшырылды. Аймакка тажрыйбалуу дарыгерлерди жана башка адистерди тартуу үчүн Нарын шаарында 20, Кочкор районунда дагы 20 батир кызматтык турак жай катары муниципалдык менчикке берилет",- деди Орунбеков.
Мындан тышкары, жыл аягына чейин өлкөдө 20 миңден ашык батирдин курулушун бүткөрүү пландалып жатканын белгиледи.
Ошондой эле 2027-жылы Нарын облусун өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруларын кошумчалады.