Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында таштанды жана кургак чөп өрттөгөн ишканага 23 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш министрлиги 7-октябрда билдирди.
Билдирүүгө ылайык, аталган фактыга тиешелүү видеону тургун жөнөткөн.
Мындан улам ишкананын жетекчилигине Укук бузуулар кодексине ылайык 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Ошондой эле айлана-чөйрөнү коргоо талаптарын сактоо, калдыктарды өрттөөгө жол бербөө жана экологиялык коопсуздук эрежелерин так аткаруу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.