Биз социалдык тармакта

Спикер парламенттин баркын мурунку депутаттар кетиришкенин айтты (видео)

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев парламенттин баркы кетти деген кептерге жооп берди.

Спикер мурунку парламенттин фунциялары артыкчылыктуу болгонун белгиледи.

"Мурда Жогорку Кеңеш парламенттик-президенттик тутум менен иштеп келген. Ошол кездеги парламент өкмөт башчыны, министрлерди шайлайт эле. Ошондуктан күчтүү болгон, бул жакта парламенттин жыйындары кайнап турган. Себеби функциялары ошондой эле. Бирок ошол кездеги чала саясатчылар парламенттин ролун өлтүрдү да. Ошолор парламенттик тутумду, партиялык системди өлтүрдү. Анан ушул акыбалга келдик.

Азыр биз президенттик системде иштейбиз. Бизде эки эле функция калган. Мыйзам жазуу, мыйзамды көзөмөлдөө. Бул функцияларыбызды түздөн-түз жакшы алып бара жатабыз. Тескерисинче, мыйзамдарды кабыл алууда жакшы талкууларды кылып жатабыз. Анан кичине талкуу кылып койсоң эле "урушуп жатышат" деп сындашууда",- деди Маматалиев.

Спикер парламенттин баркын мурунку депутаттар кетиришкенин айтты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан