Бүгүн, 7-октябрда Ош шаарында мектеп окуучулары үчүн атайын сыноо иретинде эки автобус ишке берилди. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Бул автобустар мектептен алыс жашаган окуучуларды ташыйт.
Ошондой эле мэр Жанар Акаев окуучулар менен бирге автобуска отуруп анын шарттары жана мүмкүнчүлүктөрү менен таанышты.
Автобустар мектеп окуучулары үчүн коопсуздук талаптарына ылайыкташып, ыңгайлуу отургучтар, кондиционер жана зарыл шарттары менен жабдылганы айтылды.
Алдыңкы убакыттарга мындай автобустар дагы көбөйтүлөт. Аталган автобустар 28 адамга ылайыкталган.