Курулуш министрлиги Бишкек шаарынын Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан 16 кабаттуу турак үйдүн курулуш аянтчасындагы окуя боюнча толук маалымат берди.
Ага ылайык, асма платформасы ашыкча жүк жүктөлгөндүктөн, 6-кабаттан үзүлүп, куруучунун бири кулап кеткен. Кырсыктаган 37 жаштагы куруучу ооруканага жеткирилди. Анын абалы туруктуу жана омурткасынан жабыркаган. Ал эми экинчисин кесиптештери куткарып калышты.
Мындан улам курулуш иштерин жүргүзүп жаткан “Борсан Констракшн” жеке ишканасына 200 миң сом айып салынып, объекттеги курулуш иштери убактылуу токтотулду.
Эскерте кетсек, бүгүн, 7-октябрда окуянын видеосу интернет желесине тарады.