Жогорку Кеңештин депутаты Сүйүнбек Өмүрзаков парламенттин 7-октябрдагы жыйынында дыйкандардын көйгөйүн көтөрдү.
Айтымында, өлкөдө дыйкандар өндүргөн азык-түлүктөрдү сактоо үчүн кампаларды куруу зарыл.
"Биздин дыйкандар продукциясын жыйып эле ири маркеттерге тапшырып жатышат. Алар эч кандай сактай албайт. Кампалар, муздаткычтар жок. Ортомчулар алышат дагы карапайым элге азык-түлүк кымбат баада сатылып жатат. Мамлекет тарабынан дыйкандарга жакшы көңүл бурулса жакшы болот эле",- деди депутат.