Бүгүн, 7-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жайлообай Нышанов мопед, скутер жана велосипед айдоочуларына көзөмөлдү күчөтүүнү сунуштады.
"Жолдо бара жатсаң оң жагыңдан да, сол жагыңдан да чыгышат. Жол кырсыктарынын бардыгын кылган ушулар болуп жатат. Катуураак көзөмөлгө албасак болбой калды",- деди эл өкүлү.