Биз социалдык тармакта

Нарын шаарында инновациялык-креативдик борбор ачылды 

Бүгүн, 7-октябрда Нарын шаарында инновациялык-креативдик борбор ачылды. Ага президент Садыр Жапаров катышканын президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, өлкө башчысы жаңы борбордун инфраструктурасы жана комплекстин бөлмөлөрү менен таанышты. Бул борбордо китепкана, музей, инновациялык телекөрсөтүү жана аудиостудиялар, кино-концерттик зал, коворкинг жана IT-зоналар, ошондой эле соода аянтчасы жайгашкан.

Өлкө башчысы бул мекеме маданият, билим жана чыгармачылык топтолгон заманбап мейкиндик болорун айтты. Ошондой эле аталган борборду куруунун негизги максаты - жаштарды жана шаар тургундарынын маданий демилгелерин колдоого багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан