Бишкекте аткезчиликке шектелип 29 жана 18 жаштагы чет өлкөлүк жарандар кармалышты. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы бүгүн, 7-октябрда кабарлады.
Маалыматка ылайык, Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унааны текшерүүдө жалпы 358 даана телефон, анын ичинен 249 даана iPhone, 109 даана Samsung жана 2 даана LG, ошондой эле зымсыз кулакчындар табылган. Товардын жалпы баасы болжол менен 17,9 миллион сомду түзөт. Телефондор Казакстандын Алматы шаарынан Кыргызстанга мыйзамсыз алынып келинген.
Тергөөдө бул мыйзамсыз ишке тартылган чет өлкөлүтөргө акчалай сый акы сунушталганы аныкталган. Телефондор таңгактарынан ажыратылган түрдө жеткирилип, андан соң түйүнчөктөргө бөлүнүп, унаанын ар кандай бөлүктөрүнө, анын ичинде кыймылдаткыч бөлүгүнө жана кузовдун ички элементтерине жашырылган.
Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (Экономикалык аткезчилик) менен кылмыш иши козголгон Учурда тергөө иштери уланууда.