Биз социалдык тармакта

Депутат тамеки, ичимдик колдонуу курагын 18ден 21ге көтөрүүнү сунуштады (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Нилуфар Алимжанова тамеки жана алкоголдук ичимдиктерди колдонууга уруксат берген куракты 18ден 21ге көтөрүүнү сунуштады.

Эл өкүлү бүгүн, 7-октябрдагы парламенттин жыйынында мындай чечим жаш муундун ден соолугуна кам көрүү үчүн керек экенин айтты.

"Учурда тамеки жана алкоголдук ичимдиктер 18 жаштан жогорку курактагыларга сатылат. Мен муну 21 жашка көтөрүүнү караштырууну сунуштайм. Бул кимдир-бирөөнүн укугун чектөө үчүн эмес. Биз мунун кесепети менен күрөшүүдөн көрө, алдын алуу иштерин жүргүзүшүбүз керек",- деди ал.

Депутат тамеки, ичимдиктерди колдонуунун жашын 18ден 21ге көтөрүүнү сунуштады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан