Биз социалдык тармакта

Путин 74 жашта. Садыр Жапаров кесиптеши менен байланышты

Бүгүн, 7-октябрда президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Өлкө башчысынын басма сөз кызматы билдиргендей, Жапаров Владимир Путинди туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага бекем ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кыргыз-орус союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелеринин жогорку деңгээлин, ошондой эле эки тараптуу кызматташтыктын ырааттуу өнүгүп жатканын белгилешти.

Мамлекет башчысы ошондой эле ШКУнун жана ШКУ+ алкагындагы иш-чараларга, ошондой эле Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышкандыгы үчүн Орусия тарапка ыраазычылык билдирди.

Соңунда лидерлер кыргыз-орус стратегиялык кызматташтыгын мындан ары чыңдоого жана жогорку деңгээлдеги ишенимдүү диалогду улантууга өз ара ниеттерин ырасташты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан