Бүгүн, 7-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов кесиптеши Айсара Абдибаеванын маселеси боюнча үн катып, кезинде аны эч ким коргобогонун айтты.
"Биз керектүү маалда коллегиялдуу орган болуп калат турбайбызбы, э? Мен бүгүнкү көйгөй боюнча эчак эле айткам. Ошондо "Эрулан өзүн коргоп жатат" деп айтып чыккансыңар. Жарым жыл мурун эле "парламентке ушундай мамиле кылышууда" деп айткан элем.
Өкмөттүн кээ бир кызматкерлеринин абдан көөп турган убагы. Журналисттер мафиясы да мыйзамга баш ийишпейт. Айсара Абдибаеванын мисалын да айтайын, журналисттер маалыматты эки тараптуу чыгаргыла",- деди эл өкүлү.
Бүгүнкү отурумда Айсара Абдибаеваны мандатынан ажыратуу боюнча көтөрүлгөн маселе тууралуу көптөгөн депутаттар пикирлерин айтып чыгышты.