Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев депутат Эрулан Кокуловдун айтканына түзөтүү киргизди.
"Эрулан мырза, мен бир эле Айсара Нышановна тууралуу айткан жокмун. Мен жалпы депутаттар тууралуу айтып жаттым. Анын ичинде сиз дагы барсыз. Анан депутаттардын бардыгы мени коргогон жок дедиңиз. Сизден сураныч, баары эмес, айрымдары деп айтыңыз",- деди спикер.
Мунун алдында Кокулов мандаты боюнча маселе көтөрүлгөн кесиптешинин көйгөйүн белгилеп, кезинде аны эч ким коргобогонун айткан.