Бүгүн, 7-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эрулан Кокулов кесиптештерин жарымы акча менен, жарымы тааныш аркылуу парламентке келишкен деп айтыптады.
"Азыр бир акты ак деп айтам, анан дагы ичиңер күйөт. Дагы жаман көрөсүңөр. Ушул жерде жарымыңар акчаңар жок болсо отурмак эмессиңер, жарымыңар таанышыңар жок болсо отурмак эмессиңер. Ушул жерде ашып кетсе ондой депутат эле калмак",- деди эл өкүлү.
Мунун алдында спикер Марлен Маматалиев Кокуловдон бардык депутаттарды коргобой койду деп күнөөлөбөөнү суранган.