OpenAI компаниясы Европа Биримдигинде ChatGPT аркылуу түзүлгөн тексттерге жана коддорго көрүнбөгөн санариптик суу белгисин киргизет. Бул Евробиримдиктин жасалма интеллектти колдонуудагы ачык-айкындуулук боюнча жаңы талаптарына байланыштуу.
Компания бул үчүн текстти түзүү учурунда анын айрым өзгөчөлүктөрүн өзгөрткөн өзүнүн textGrain системин колдонот. Колдонуучу үчүн текст кадимкидей көрүнөт, бирок атайын программа анын жасалма интеллект тарабынан түзүлгөнүн аныктай алат. Суу белгисин көз менен көрүү мүмкүн эмес.
Европада мындай белгилөө ChatGPT аркылуу түзүлгөн тексттерге жана коддорго автоматтык түрдө колдонулат. Айрым моделдер үчүн OpenAI Евробиримдиктен тышкаркы колдонуучуларга бул функцияны өз алдынча күйгүзүп же өчүрүүгө мүмкүнчүлүк берүүнү пландап жатат.
Баштапкы этапта тексттерди атайын текшерүүгө уруксат берилген изилдөөчүлөр жана уюмдар гана аныктай алат. Суу белгиси аркылуу ChatGPT’ни ким колдонгону, анын суроолору же чаттардын тарыхы тууралуу маалымат алуу мүмкүн болбойт. Кийинчерээк технологияны бардык каалоочулар үчүн жеткиликтүү кылуу пландалууда.
Мындай кадам Евробиримдиктин жасалма интеллектке байланыштуу жаңы эрежелеринин негизинде жасалууда. Алар жасалма интеллект түзгөн контентти атайын программалар аркылуу дароо аныктоого мүмкүн болушун талап кылат. Европа рыногунда иштеп жаткан компаниялар бул талаптарды 2-декабрга чейин аткарышы керек.