Өлкө башчы Садыр Жапаров Нарын шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынган көп кабаттуу батирлерди тапшыруу аземине катышып, тогуз балалуу үй-бүлөнүн үйүнөн даам ооз тийди.
Анда кичинекей балдардын бири мамлекет башчысын "чоңойгондо мен да сиздей президент болом" деп жылмайтса, анан иниси "мен президентти кайтарам" деп күлдүрдү.
Садыр Жапаров: "Тиги агаң президент болом деп жатпайбы, ошону кайтарасың, э?",- деп алкады.