Талас облусунун Бакай-Ата районунда мергенчилик куралына мыйзамсыз уруксат берилгендиги аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 7-октябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, жаран мергенчилик боюнча экзамен тапшырбаганына карабастан, ага мамлекеттик мергенчилик күбөлүгү мыйзамсыз берилген.
Аталган күбөлүктүн негизинде ал ок атуучу куралды сактоого жана колдонууга уруксат алган. Кийинчерээк ок атуучу курал белгисиз адамдардын колуна өткөн.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду. Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.