Кыргызстандын грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 23 жашка чейинки (U23) улуттук курама командалары 12-18-октябрь күндөрү АКШнын Лас-Вегас шаарында өтө турган Дүйнө чемпиондугуна катышат.
Эркин күрөш боюнча өлкө намысын 10 балбан коргойт:
• 57 килограммга чейин – Садыр Кайыпбеков;
• 61 килограммга чейин – Юхан Догдурбек уулу;
• 65 килограммга чейин – Өскөнбай Абдисаматов;
• 70 килограммга чейин – Рустамжан Кахаров;
• 74 килограммга чейин – Адилет Акылбеков;
• 79 килограммга чейин – Байтерим Түлөбердиев;
• 86 килограммга чейин – Висхан Адаев;
• 92 килограммга чейин – Улук Сооронбеков;
• 97 килограммга чейин – Кутман Төлөбалдиев;
• 125 килограммга чейин – Жаргалан Будажапов.
Башкы машыктыруучу – Ислам Тазабеков, улук машыктыруучу – Нарынбек Дүрбөлөң уулу.
Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстанды 10 спортчу көрсөтөт:
• 55 килограммга чейин – Барсбек Асанкожоев;
• 60 килограммга чейин – Кубанычбек Аринов;
• 63 килограммга чейин – Акыл Сулайманов;
• 67 килограммга чейин – Баяман Каримов;
• 72 килограммга чейин – Ырыскелди Хамзаев;
• 77 килограммга чейин – Алибек Бердиев;
• 82 килограммга чейин – Эрлан Марс уулу;
• 87 килограммга чейин – Имур Темирбеков;
• 97 килограммга чейин – Асылбек Ниязбек уулу;
• 130 килограммга чейин – Мурат Ботоев.
Башкы машыктыруучу – Улукбек Карачолоков, улук машыктыруучу – Руслан Царев.
Кыз-келиндер күрөшү боюнча өлкө атынан 73 килограммга чейинки салмакта Кайыркүл Шаршенбаева катышат.