Жогорку Кеңештин 7-октябрдагы жыйынында энергетикалык суусундуктардын, анын ичинде жашы жете электер үчүн жеткиликтүү болгон продукциялардын жүгүртүлүшүн иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлдү.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, комиссия энергетикалык суусундуктардын сапатын жана коопсуздугун, алардын адамдын ден соолугуна тийгизген таасирин, ошондой эле бул тармактагы мамлекеттик жөнгө салуунун натыйжалуулугун изилдейт.
Комиссияны түзүү демилгесин «Ынтымак – Мекенчил» депутаттык тобу көтөргөн. Анын курамына 11 депутат кирди.