Биз социалдык тармакта

Бинардык опцион түрүндөгү кумар оюндарына тыюу салуу сунушталды

Жогорку Кеңештин жыйынында бинардык опциондор түрүндөгү кумар оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салган мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришкендей, мыйзам долбоору онлайн лотереяларды, санариптик ойнотууларды жана бинардык опциондорду жөнгө салууга, мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө жана жарандарды алдамчылыктан коргоого багытталган.

Депутаттар онлайн казинолорго байланышкан төлөмдөргө бөгөт коюу, интернеттеги кумар оюндарын жана аларды жарнамалаган сайттарды көзөмөлдөө, ошондой эле балдар арасында кеңири тараган онлайн оюндарга көңүл буруу маселелерин көтөрүштү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан