Талас облусунун Айтматов районундагы Чымкент айылында 140 орундуу жаңы бала бакча пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти.
"Республикалык бюджеттин эсебинен курулган эки кабаттуу имараттын жалпы аянты 1 480,85 чарчы метрди түзөт. Бала бакчада балдар үчүн бардык зарыл жана коопсуз шарттар каралган.
Бала бакчанын ачылыш аземи 6-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин онлайн катышуусунда өттү", - деп жазылган маалыматта.