Бишкек шаарындагы Манас проспектисинде, мурдагы Мамлекеттик каттоо кызматынын жанында жол кырсыгы катталды.
Алдын ала маалымат боюнча, Тойота үлгүсүндөгү унаа менен тез жардам кызматынын унаасы кагышкан.
Жол кырсыгынан жабыркагандар тууралуу маалымат такталууда.