Президент Садыр Жапаров 8-9-октябрда Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында иш сапар менен болот. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Мамлекет башчысы Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун чакыруусу менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Азербайжандын лидерлеринин Консультативдик жолугушуусунун сегизинчи жыйынына катышат.
Ошондой эле 9-октябрда КМШга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышат.
Жолугушууларда аймактык кызматташтык, саясий диалог, соода-экономикалык жана транспорттук байланыштар, энергетика, экология жана КМШ алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери талкууланат.