Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Мраморное айылындагы жаңы мектептин чатырындагы терезелердин бурчтарынан жаан жааганда суу киргени аныкталды.
Бул тууралуу подряддык уюмга билдирилип, учурда суу кирген жерлерди герметизациялоо жана бекемдөө иштери жүргүзүлүүдө.
Мектептин курулушу 2024-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, 2026-жылы аяктап, сентябрь айында пайдаланууга берилген.
Министрликтин маалыматына ылайык, жаңы курулган социалдык объектилерге бир жылдык кепилдик берилет. Кепилдик мөөнөтүндө аныкталган кемчиликтер подряддык уюм тарабынан өз каражатынын эсебинен оңдолот.