Ысык-Көл облусунун Түп районунда канализациялык түтүк өткөрүү үчүн траншея казып жаткан учурда кырсык болуп, эки адам каза болду. Бул тууралуу облустук милиция башкармалыгы билдирди.
Окуя 3-октябрда Түп айылындагы Клеменко жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Алдын ала маалымат боюнча, болжол менен 3 метр тереңдиктеги траншеянын капталы урап, ичинде иштеп жаткан 1993-жылы туулган эки жаранды топурак басып калган.
Аларды куткаруу учурунда дагы бир адам топурак алдында калып, ооруканага жеткирилген.
Аталган факт Түп райондук милициясында катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Окуянын себептерин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалды.