Кыргызстанда тартылып жаткан тасмалардын биринде орусиялык белгилүү актёр Амаду Мамадаков роль жаратууда. Бул тууралуу кечээ, 7-октябрда тасманын тартуучу тобу социалдык тармактагы баракчасына видео жарыялады.
Актёр көрүүчүлөргө "Жоокерлер" ("Солдаты") телесериалындагы Вакутагиндин ролу менен таанымал.
Белгилей кетсек, буга чейин тасмага өзбекстандык белгилүү актёр Улугбек Кадыров да тартылып жатканы белгилүү болду.