Биринчи Май райондук милициясы Бишкектин Кызыл-Аскер конушунда жаштардын мушташы тартылган видео боюнча маалымат берди.
Маалыматка ылайык, окуя 7-октябрда катталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө 20, 31, жана 36 жаштагы жарандар кармалышты. Шектүүлөргө карата Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлдү.