Биз социалдык тармакта

Бишкекте таксист, курьер болуп иштеген чет өлкөлүктөргө чара көрүлдү (видео)

Бишкекте "Нелегал" жана "Мото-курьер" аттуу рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу кечээ, 7-октябрда калаанын милициясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, рейддин жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандардын өлкө аймагында мыйзамдуу болуусун тастыктаган документтери жана эмгек ишмердүүлүгүнүн мыйзамдуулугу текшерилди. Мындан тышкары, массаж кызматтарын көрсөткөн объекттерге да текшерүү жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында 40тан ашык чет өлкөлүк жаран милицияга жеткирилди.

Мындан тышкары, чет өлкөлүк жарандарды такси айдоочусу жана курьер катары мыйзамсыз ишке тартуу фактылары аныкталды. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча чет өлкөлүк жарандарга 30 протокол, мекемелерге 4 протокол түзүлдү. Жыйынтыгында мыйзам бузгандарга жалпы 560 миң сом айып пул салынды.

Бишкекте таксист, курьер болуп иштеген чет өлкөлүктөргө чара көрүлдү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан