Ысык-Көл облусунун Түп районунда канализациялык түтүк өткөрүү үчүн чуңкур казып жаткан учурда кырсык болуп, эки адам каза болду. Бул тууралуу кечээ, 7-октябрда облустук милиция башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, окуя Түп айылындагы Клеменко жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде болду. Алдын ала маалымат боюнча, болжол менен 3 метр тереңдиктеги чуңкурдун капталы урап, ичинде иштеп жаткан 1993-жылы туулган эки жаранды топурак басып калган.
Аларды куткаруу учурунда дагы бир адам топурак алдында калып, ооруканага жеткирилди. Аталган факт Түп райондук милициясында катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.