Биз социалдык тармакта

Экологиялык кеңештин ачык жыйыны өтөт

Бүгүн, 8-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда экологиялык кеңештин ачык жыйыны өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Аталган иш-чара борбор калаанын тургундарын, эколог-активисттерди, ыктыярчыларды, коомдук уюмдардын өкүдөрүн, жалпыга малымдоо каражаттарын жана блогерлерди Бишкек шаарынын мэри менен жолугууга чакырат.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар бульварда жүргүзүлгөн реконструкция иштеринин жыйынтыктары менен таанышып, аймактык кыдырууга катыша алышат. Ошондой эле мэр жана шаардык кызматтын өкүлдөрү менен экологиялык актуалдуу маселелерди жана борбор калаадагы жашыл коомдук мейкиндиктерди өнүктүрүүнүн келечегин талкуулоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан