Бишкектин Абдрахманов көчөсүндө беш автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда Милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Кырсык 8-октябрда саат 08:28 чамасында катталган.
Алдын ала маалымат боюнча, жол кырсыгына Hyundai Sonata, Kia K5, BYD Song Plus, Toyota Corolla жана Li L6 үлгүсүндөгү автоунаалар учураган. Анын кесепетинен жабыркагандар жок.
Кырсыкка автоунаалардын ортосундагы коопсуз аралыкты сактабагандыгы себеп болгону айтылды.
Учурда окуянын жагдайлары такталууда.