Биз социалдык тармакта

ЖЫЛНААМА, 8-октябрь: Белгилүү актёр жана режиссёр Мурат Мамбетов 71 жашта

Бүгүн, 8-октябрда белгилүү актёр жана режиссёр Мурат Мамбетов 71 жашка толду. Ал 1955-жылы 8-октябрда Нарын облусундагы Ат-Башы районунда төрөлгөн.

Мамбетов актёрлук кесипке эрте аттанган. Алгачкы жолу "Ак куулар конгон айдың көл" тасмасына 9-класста окуган кезинде тартылган. Мектепти аяктаган соң Алматыга актёрдук окууга тапшырат.

1977-жылы Казакстандагы окуусун бүтүп келген соң Кыргыз мамлекеттик драма театрында иштей баштайт.

Мурат Мамбетов "Аян", "Чиркин өмүр", "Апамдын махабаты", "Кууш жолдо", "Кара жолтой", "Тор", "Күлкүлятор", "Уламыштар" тасмаларына режиссёрлук кылып, айрымдарына өзү да тартылган. Ролдорду берилүү менен ийинине жеткире аткаргандыктан, айрымдар үчүн ал фильмдердеги образы "Жаздык", "Композ" деген аттар менен көбүрөөк таанымал.

2022-жылы режиссёрго Кыргыз Эл артисти наамы ыйгарылды.

8-октябрга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан