Финансы полициясынын мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеевдин президенттик шайлоого катыша турганы бышыкталды. Активист Айбек Теңизбай саясатчыны маекке чакырганын, бирок ал баш тартканын, аны үгүт иштери баштала электиги менен түшүндүргөнүн билдирди.
"Достор, Сыймык Жапыкеев менен сүйлөштүм. Шайлоого 100 пайыз аттанат экен. Ошол себептен улам агитациялык материал катары бааланбашы үчүн азырынча келбей жатыптыр", - деп жазды ал соцтармактагы баракчасына.
Буга чейин Жапыкеев
президенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин
кыйыткан.