UFC мушкери Ислам Махачев кыргыздын улуттук көк бөрү оюнун ойноп көрүп, анын физикалык жактан өтө оор экенин белгиледи.
"Видеодон көргөндө оңой туюлган. Физикалык жактан активдүү, энергияны көп талап кылган спорт экен. Мен да оңой эле ойной алам деп ойлогом. Бирок абдан оор экен, машыгуу керек",- деп белгиледи ал социалдык тармактагы баракчасындагы билдирүүсүндө.
Эскерте кетсек, эрежесиз эр уруш боюнча дүйнөгө таанымал мушкер Бишкекке келип, "Бишкек Аренанын" ачылышына катышып, президент Садыр Жапаров менен да жолукту. Ал буга чейин көк бөрү оюну жана кыргызстандык UFC мушкери Мыктыбек Оролбай уулу тууралуу да жакшы пикирин билдирген.