Португалиянын футбол боюнча курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду белгилүү футболчу Лионель Мессинин Аргентина курамасындагы акыркы оюнунан кийин ага кайрылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-октябрда чет элдик маалымат каражаттары билдиришти.
Беттештен кийин Роналду Мессинин социалдык тармактагы билдирүүсүнө комментарий калтырып: "Лео, сен көп жылдар бою өлкөңдү коргодуң. Сенин тарыхың элдин эсинде түбөлүк калат. Аргентина менен жетишкен нерселериңдин баарын чын жүрөктөн сыйлайм. Кучактайм",- деп жазды.
Эскерте кетсек, Месси 7-октябрга караган түнү Буэнос-Айресте Аргентина курамасынын Бенинге каршы жолдоштук беттешине катышты. Аргентина 3:0 эсебинде жеңишке жетти. 39 жаштагы футболчу бир гол киргизип, эки голдук пас берди. Оюн ортосунда убакыт ажыратылып, футболчуга сый көрсөтүлдү.